Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: “Мамлекеттин кызыкчылыгы мансаптан да, достуктан да жогору турат”

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде мамлекеттин кызыкчылыгы мансаптан жана достуктан жогору турарын билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эл 2021-жылы аны президент кылып шайлап, мамлекеттин тагдырын ишенип тапшырганын эске салды. Башмыйзамда президентке мамлекеттин бүтүндүгүн жана элдин биримдигин сактоо милдети жүктөлгөнүн белгиледи.

“Мага көпчүлүк эл мамлекеттин, жалпы элдин тагдырын ишенип, 2021-жылы мени президент кылып шайлады. Башмыйзамда президент мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин жана мамлекеттик кызматкерлердин биримдигин сактайт деп милдеттендирип турат. Мен ошол милдетимди так аткардым. Анткени мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы, мансаптан да, достуктан да жогору турат”,- деди өлкө жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан