Президенттин кеңешчиси Бектур Зулпиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясы бүгүн, 13-февралда билдирди.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Зулпиев бул кызматка 2023-жылы сентябрь айында дайындалган.