Биз социалдык тармакта

Парламенттин тармактык комитети УКМКнын жаңы башчысын жактырышты

Бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Жумгалбек Шабданбековдун УКМКнын башчылыгына талапкерлиги каралды.

Анын талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберишти.

Эске салсак, Жумгалбек Шабданбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан