Айвар Монолдоров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анын ордуна Тимур Малбашев дайындалды.