Биз социалдык тармакта

№13 округдан шайланган депутаттар качан төш белги алышат? БШКнын жообу

Бүгүн, 16-февралда БШКнын жыйынында төрага Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңешке №13 округдан шайланган депутаттарды каттоо тууралуу билдирип, Жогорку сотко берилүүчү арызды күтүш керектигин белгиледи.

Төрага арызды берүү үчүн 2 күн убакыт каралганын кошумчалады.

"Мыйзамдын талабына ылайык, кызыккан тарап же талапкер 2 күндүн ичинде Жогорку сотко даттанса болот. Эгер арыз берсе Жогорку соттун чечимин күтөбүз. Доо-арызын бербесе анда Бишкектин административдик сотунун чечими күчүнө кирет. Андан кийин биз үч талапкерге төш белги менен ырастаманы берсек болот", - деди Шайназаров.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган. Бул арада чечим боюнча талапкерлердин бири Бишкектин административдик сотуна кайрылып, бирок сот БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

№13 округ боюнча эмнелер белгилүү? Бул жерден окуңуз.

№13 округдан шайланган депутаттар качан төш белги алат? БШКнын жообу...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан