Биз социалдык тармакта

Амангелдиев Мюнхенде Европанын Кыргызстанга каршы санкциялары маселесин көтөрдү

Германиянын Мюнхен шаарында өтүп жаткан коопсуздук конференциясынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Европанын өлкөгө каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ал январда Bloomberg басылмасы жарыялаган макалага токтолду. Өкмөт бул маселе боюнча Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен туруктуу негизде иш алып барып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Европа санкциялык түзүмдөрүнүн көңүл борборуна Кыргызстанды кошуу коркутуу мүнөзүнө ээ экенин айтып, мындай мамилеге Кыргыз тарап кескин түрдө макул эместигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан