Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында Жумгалбек Шабданбековдун УКМКнын башчылыгына талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберишти.
Эске салсак, Жумгалбек Шабданбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.