Биз социалдык тармакта

Парламенттин тармактык комитетинде 3 министрдин талапкерликтери каралды

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри, жаратылыш министри жана транспорт министри кызматына 3 адамдын талапкерлерлиги каралды.

Аларды депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар өзгөчө кырдаалдар министрине Урматбек Шамыркановдун, транспорт министрине Талантбек Солтобаевдин жана жаратылыш министрине Акыл Токтобаевдин талапкерликтерин жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан