Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетип жатканы айтылууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин кызматтан кетип жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.
Алынган маалыматтарга караганда, Токторбаевдин бүгүн, 17-февралда саат 15:00дө мэриянын жамааты менен жолугушуусу пландалган. Анда ал кызматкерлер менен расмий түрдө коштошору күтүлүп жатат.
Буга чейин дагы ал тууралуу маалыматтар тарап, бирок бийлик аны четке каккан.