Биз социалдык тармакта

Касымалиев мэрдин коштоосунда Ошто жаңы күнөскананын курулушун көрүп чыкты

Бүгүн, 17-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын курулуп жаткан жаңы күнөсканасын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, бул күнөскана шаар аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине пайдалануу үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, декоративдүү өсүмдүктөрдү жана жашыл көчөттөрдү өстүрөт.

Касымалиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге бул курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан