Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт. Бул тууралуу Конситуциялык сот президенттик мөөнөт боюнча чечиминде белгиледи.
Маалым болгондой, Жогорку Кеңеш аны төрт ай мурда, же быйыл 24-сентябрга чейин жарыялоого тийиш.
Эскерте кетсек, сот Садыр Жапаровдун президенттик кызматы легитимдүү экенин билдирип, жаңы 2021-жылдагы Баш мыйзам мөөнөттү кыскартууга мүмкүнчүлүк бербей турганын билдирди.