Биз социалдык тармакта

БШК №13 округ боюнча Жогорку Кеңешке шайланган үч депутатты каттады

Бүгүн, 18-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

  1. Айбек Алтынбеков;
  2. Талант Мамытов;
  3. Айгүл Карабекова.

БШК депутаттарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер бериле тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган. Бул арада чечим боюнча талапкерлердин бири Бишкектин административдик сотуна кайрылып, бирок сот БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

№13 округ боюнча эмнелер белгилүү? Бул жерден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан