Биз социалдык тармакта

Депутат: "Таласта кар калың түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болушууда"

Талас облусунун Бакай-Ата жана Манас райондоруна калың кар түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламенттин 18-февралдагы жыйынында айтты.

"Бир жума мурун Талас облусуна, айрыкча Манас, Айтматов райондоруна калың кар жаады. Кээ бир жерлерге 1 метрге жеткен кар түшүп, элибиз бир аз кыйналып калды. Министрлер кабинетинен элге көмүр боюнча жардам берүүнү суранат элем",- деди эл өкүлү.

Ошондой эле Жумабеков жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жазгы талаа иштеринде да көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат: Таласта кар калың түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан