Биз социалдык тармакта

Депутат Борбиев алимент боюнча маселе көтөрдү (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин 18-февралдагы жыйынында алимент боюнча маселе көтөрдү.

Айтымында, акыркы убакта алимент төлөө боюнча кайрылган энелердин саны көп болууда.

"Көптөгөн энелер алиментти өз убагында ала албай, балдары жапа чегип жатышат. Ушул боюнча азыркы технологиянын жетишкендиктерин, санариптештирүүнү максималдуу колдонуп, системге салууну сунуштайт элем",- деп депутат президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылды.

Депутат алимент боюнча маселе көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан