Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өз кызматын азырынча улантып жатканын BBC басылмасына билдирди. Ошондой эле ал президентке жолукпаганын, бирок саясатка аралашпай ишти улантуу тапшырмасын алганын белгиледи.
Эскерте кетсек, интернет желесинде экинчи борбордун башчысы кызматынан кетет деген маалыматтар тараган. Айрым маалымат булактары бул жагдайды анын Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе болгонуна байланыштырган.
Бул арада президенттик администрация да, мэриянын басма сөз кызматы да расмий маалымат берип, Токторбаев өз кызматын улантып жатканын маалымдаган.