Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 округдан депутат болуп шайланган Айбек Алтынбеков ант берди.
Ага депутаттык төш белги менен мандатты БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаор тапшырды.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.
Бүгүн болсо, БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттаган.