Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №5 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Азизбек Абдуллаев ант берди.
Ага депутаттык күбөлүктү жана төш белгини БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров тапшырды.
Айта кетсек, ал депутаттык мандатын тапшырып берген Элдар Сулаймановдун ордуна келди.
Элдар Сулаймановдун мандатын эмне себептен тапшырганы белгисиз. Январь айында коомчулукта анын мурунку жубайы менен болгон чуусу талкуу жараткан.
Сулайманов парламентте "Адилет Кыргызстан" депуаттык тобуна кирген. Ошондой эл ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгын аркалап жаткан.