Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоого макулдук беришти.
Анын талапкерлигин жыйында президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Эми тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.
Эске салсак, 16-фералда Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан алынып, Акыл Токтобаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.