Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койгон.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы буга чейин басма сөз кызматын жетектеп келген Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин төрагасынын спичрайтери болуп дайындалганын кошумчалады.