Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата-Журт" депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен лидерликтен кеткени белгилүү болду.
Депутат Алишер Козуев лидерликке Дастан Жумабеков бекигенин айтты.
Айта кетсек, "Ата-Журт" депутаттык тобунда 18 эл өкүлү бар.