Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов өз каалоосу менен "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин тапшырып бергенин билдирди.
Анын айтымында, топтогу эл өкүлдөрү бир добуштан Талант Мамытовду лидер кылып шайлашкан.
Айта кетсек, Талант Мамытов кечээ депутаттык мандатын алып, "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулган. Аталган топто жалпы 21 эл өкүлү бар.