Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңешке Жанар Акаевдин ордуна ким келет?

Жогорку Кеңеште Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жанар Акаевдин орду бошоду.

Анын мандаты парламенттик шайлоодо №8 округдан 3-орунга чыккан Таалайбек Сарыбашовго тийиши мүмкүн. Аталган шайлоо округунда Жанар Акаев 13 миң 856 добуш менен биринчи болуп чыкса, Улан Примов 11 миң 9 добуш алып экинчи, ал эми Сарыбашов 8 миң 796 добуш топтоп үчүнчү орунду алган.

Округдагы үчүнчү депутаттык орун гендерлик квота боюнча айымдардын арасында эң көп добуш топтогон Нуржамал Төрөбековага берилген.

Айта кетсек, Сарыбашов 2018-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан