Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев Токторбаевдин аткарып жаткан ишин улантарын убадалады (видео)

Бүгүн, 19-февралда Ош шаарынын мэри болуп ишин баштаган Жанар Акаев мурунку шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин иштерин улантарын билдирди. Ошондой эле баарына ачык-айкын боло турганын убадалады.

"Мэр катары бүгүн жумушумду баштап жатам. Мындан ары журналисттерге, блогерлерге, коомчулукка ачык-айкын болобуз, иштешебиз. Президент кызматка сунуш бергенден кийин мен дароо макулдугумду бердим. Анткени менин Ош шаарында студенттик күндөрүм өткөн. Ош шаарын жакшы билем. Өлкө башчысына колумдан келишинче иштеп берейин деп айттым. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Анткени өзүңүздөр билесиздер, Жеңишбек Токторбаев дагы күнү-түнү тынбай иштеди. Ал киши баштаган долбоорлорду, жакшы иштердин баарын сөзсүз улантабыз",- деди Акаев.

Жанар Акаев Токторбаевдин аткарып жаткан жумуштарын улантарын убадалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан