Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды. Президенттин администрацисы тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун кабарлады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Шамыркановдун министр кылып дайындоого макулдук берген. Буга чейин ал ӨКМ башчысынын орун басары кызматын аркалаган.