Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын билдирди.
Эми анын мандаты кимге тиет?
Тургунбек уулу №15 округдан 17 миң 125 добуш алып, өз округунда биричи орун менен депутат болуп келген. Аталган округдан Азизбек Турсунбаев жана гендерлик квота боюнча Айсаракан Абдибаева да эл өкүлү болушкан.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал округда Алишер Эрбаев үчүнчү орунда. Бирок, белгилей кетүүчү жагдай, жакында эле ал УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. Демек, Тургунбек уулу тапшырган мандат Жайлообай Нышановго буйрушу мүмкүн. Ал №15 округдагы добуштарынын саны боюнча төртүнчү орунда.
Нышанов VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.