Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карады.
Отурумда Тургунбек уулунун мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгиленди. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан анын арызын канааттандыруу чечимин кабыл алышты.
Буга чейин Тургунбек уулу мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирип, бул кадамга ден соолугуна байланыштуу барганын кошумчалаган.
Айта кетсек, Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында парламенттеги төрагалык кызматын тапшырып берип, депутат катары ишин улантарын билдирген эле.