Биз социалдык тармакта

Элвира Сурабалдиева парламенттеги комитеттердин бирине төрайым болуп шайланды

Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 70 эл өкүлүнүн 69у "макул" деген добуш беришсе, 1 депутат "каршы" добуш берди.

Белгилей кетсек, аталган комитетке буга чейин Элдар Сулайманов төрагалык кылчу. Ал мандатын жакында тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан