Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды.
«Ала-Тоо» депутаттык тобу аталган кызмат ордуна депутат Бактыяр Калпаевдин талапкерлигин көрсөттү.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси болуп шайланган Талайбек Масабиров аркалаган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бактыяр Калпаев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 60 депутат колдоду.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.