Мирлан Казыбай уулу Ош шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Эскерте кетсек, экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин учурунда вице-мэр болуп турган Казыбай уулу кечээ өз арызынын негизинде кызматынан кеткен.