Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 23-февралда Швейцарияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал жакта ТИМ башчысы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегменттерине жана Куралсыздануу боюнча конференцияга катышат.
"Женева шаарында өтүүчү негизги иш-чараларга катышуу БУУнун жана башка эл аралык жана аймактык түзүмдөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын жана демилгелерин илгерилетүүгө багытталган",- дешти мекемеден.
Сапардын алкагында Кулубаевдин Швейцариянын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы менен, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий мекемелеринин башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөрү пландалууда.