Бүгүн, 23-февралда Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Абытов президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.