Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2026-жылдын 1-январына карата 9 миллиард 400 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Министр 1-апрелге карата 6 миллиард 800 миллион метр куб суу менен чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.