"Кыргызкөмүр" ишканасы быйылкы жылы өлкөдө үч көмүр кенин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин 24-февралдагы Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Айтымында, алар - Тегене, Бел-Алма жана Торгу кендери.
"Ошондой эле өндүрүштү мындан ары чоңойтуу. Техникалык базаны жаңылоо жана кеңейтүүнү улантуу. Сорттолгон көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү пландалууда",- деди министр.