Биз социалдык тармакта

Коңшу өлкөлөрдөн сатып алуулар... Кыргызстан колдонгон электр энергиясынын көлөмү

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкө былтыр 19 миллиард 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектеген.

Министр 24-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында былтыр өлкө өзү 15 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүргөнүн айтты.

"Биздин ГЭСтерден 12 миллиард 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын чыгардык. Бишкек ЖЭБден 2 миллиард киловатт-саат жана чакан ГЭСтерден 450 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрдүк",- деди министр.

Ибраев керектөөнү жабыш үчүн 3 миллиард 860 миллион киловатт-саат электр энергиясы коңшу өлкөлөрдөн сатып алынганын билдирди. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан электр кубаты импорттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан