Бүгүн, 24-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Райимберди Дүйшенбиевге №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды.
Дүйшенбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-февралда Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырган болчу.