Биз социалдык тармакта

Электр энергиясына болгон баа 2030-жылга чейин көтөрүлүп турат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2030-жылга чейин жыл сайын май айында электр энергиясына болгон баа көтөрүлүп турарын билдирди.

Ал бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутаттарга 2025-жылдан 2030-жылга чейинки тарифтик саясатты колдоп беришкендерин эске салды.

"Ар бир жылдын 1-майында кошулуп турат. 2026-жылы 27 тыйынга көбөйөт. 2027-жылы 33 тыйынга, 2028-жылы 39 тыйынга, 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көтөрүлүп, биз түзгөн тариф электр жарыгынын өздүк наркына жетет",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан