"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин башкы директору болуп Галина Байтерек дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, 17-февралда "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүлгөнү маалымдалган. Жаңы мекеме "Кыргыз Туусу" басма үйүн, "Слово Кыргызстана" басма үйүн, "Байчечекей" балдар журналынын редакциясын жана "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын редакциясын бириктирүү жолу менен түзүлдү.