Жол эрежелеринин одоно бузган айдоочулар жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулуп, жеринен сынак алынат. Бул тууралуу ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетиинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин одоно бузуу деп 8 эреже бекитилген. Алардын бирин бузган айдоочуга 6 суроо берилет.
"Планшет жол эрежелери боюнча суроолордун ичинен 6 суроону тандап берет. Айдоочу 4 суроого жооп берсе, анда протокол түзүлүп, өзү кете берет. Эгер жооп бере албаса, анда анын ошол жерден айдоочулук күбөлүгү алынат",- деди Бийбосунов.
Белгилей кетсек, бул боюнча мыйзам биринчи окууга киргизилип жатат.