Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата-Журт" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында аталган депутаттык топтун лидери Дастан Жумабеков билдирди.
Ал аталыш топтогу эл өкүлдөрүнүн кеңешүүсү менен кабыл алынганын белгиледи. Жумабеков ошондой эле депутаттык топко Таалайбек Сарыбашов кошулганын жарыялады.
"Эл үмүтү - Ата-Журт" депутаттык тобунда 18 эл өкүлү бар. Жумабеков топко жакында эле лидер болгон.