Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутаттык мандат алган Жайлообай Нышанов жана Райимберди Дүйшенбиев ант беришти.
Буга чейин эки депутатка БШК тарабынан депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылган.
Белгилей кетсек, Нышанов Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна депутат болуп келсе, Дүйшенбиев мандатын тапшырган Кундузбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келди.