Биз социалдык тармакта

Эки депутат тармактык комитеттердин жетекчилигинен кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары Болотбек Борбиев менен Гүлсүнкан Жунушалиева тармактык комитеттердин башчылыгынан кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Спикер алар өз каалоосу менен арыз жазышканын белгилеп, бүгүнкү отурумдун күн тартибине жаңы жетекчилерди кароо маселеси киргизилип жатканын айтты.

Айта кетсек, Борбиев парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, Жунушалиева Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрайымы болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан