Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов өкмөттү Ысык-Көлдү коргоо чараларын көрүүгө чакырып, көл менен иштей турган атайын департамент түзүүнү сунуштады.
Ал Ысык-Көлгө куйган суулардын азаюусу көлдүн тартылышына алып келип жатканын айтты.
"Мурун Ысык-Көлгө 80ге жакын чоң-кичине дарыя куюлса, бүгүнкү күндө 30га жакын гана дарыя куюлуп жатат. Сууларды дыйкандар толугу менен пайдаланып, көлгө тиешелүү көлөмдө суу куюлбай калууда. Азыртадан көлүбүзгө аяр мамиле кылып, тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Көл менен иштей турган өзүнчө департамент түзүлүп, ал эл аралык донорлор менен иштеши зарыл",- деди эл өкүлү.