Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу бала бакчаларга окутуу программалары сатылып жаткан жагдайлар бар экенин айтты.
Ал райондук билим берүү бөлүмдөрү программаны сатып жатканын белгиледи.
"Муну Агартуу министрлигине жолдосоңуздар, дыкаттык менен карап, көзөмөлдөп койсун. Анткени бул ачык коррупция болуп эсептелет",- деди эл өкүлү.