Биз социалдык тармакта

Депутат Каракол шаарына өзгөчө туристтик макам берүүнү сунуштады

Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рахат Жунушбаева Ысык-Көлдүн Каракол шаарына өзгөчө туристтик макам берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү калаанын 2000ге жакын тургуну ага кат жолдонунун белгилеп, аталган маселеге көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

"Расмий маалыматтар боюнча, Каракол шаары жылына 150 миңге жакын турист кабыл алат. Каракол кышы да, жайы да иштеген сейрек туристтик жай. Тилекке каршы, туристтик агым көбөйгөн сайын инфраструктурага түшкөн жүк дагы өсүүдө. Шаардын бюджети туристтик борборго ылайык келбей жатат. Ошол үчүн калаага өзгөчө макам керек",- деди Жунушбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан