Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолуна байланыштуу маселе көтөрдү.
Депутат аталган унаа жолунда катталган жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары өлүм менен аяктап жатканына тотолуп, жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
"Аталган унаа жолу Кытай менен байланышты камсыз кылган стратегиялык маанидеги негизги транспорттук жол. Үгүт учурунда ошол жолдогу жол кырсыгына учурап, бир күндө бир айылдын беш тургуну мерт болду. Ошол эле коштошуу зыйнатына келген дагы бир топ жигиттер жол кырсыгына кабылып, каза болушту. Мурун Кыргызстандын эле жүк ташуучу унаалары жүрсө, бүгүнкү күндө Өзбекстандын жана Түркмөнстандын унаалары да каттап жатат. Транспорт министрлиги жолду кеңейтүү, кооптуу тилкелерди оңдоо чараларды тез арада көрүү зарыл",- деди эл өкүлү.
Ошондой эле депутат Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттап жаткан унааларга тоскоолдук жаратып жаткан Каратай айылындагы жүк ташуучу унааларды текшерүү пунктуна кошумча унаа токтоочу жайларды куруу керектигин билдирди.