Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.
Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 81 эл өкүлүнүн 79у колдогон.
Буга чейин аталган комитетти депутат Болотбек Борбиев жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматынан кетти.