Дагы бир эл өкүлү – Чыңгыз Ажибаев депутаттык мандатын тапшырары белгилүү болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Ажибаев 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланып, парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ошондой эле “Элдик” депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.
Мандатты тапшыруунун себептери азырынча расмий жарыялана элек.