Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшырып жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу маалыматтар каражаттары жазышты.
"Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мандаттан баш тартуу боюнча эч кандай арыз жазган жокмун",- деген ал.
Буга чейин социалдык тармактарда Ажибаев вице-спикерлик кызматынан кетип, мандатын тапшырууну көздөп жатканы тууралуу маалыматтар тараган.