Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Медер Алиев шайланды.
Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 77 эл өкүлүнүн 74ү макул болушса, үчөө каршы добуш беришти. Жыйынтыгында парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Мунун алдында Чыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерлик ордун тапшырып берген. Ал кызматынан кеткенден кийин парламентте анын атасы тууралуу тараган маалыматтарды иликтөө талабы айтылды.