Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланган Медер Алиев анын талапкерлигин колдогон кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.
"Мага ишеним көрсөтүп, ушундай сунушун (ред.: биринчи вце-спикерликке талапкерлигин сунуштоо) айткан адамдарга ыраазычылык билдиргим келет. Ишенимди актоо жогорку жоопкерчиликти талап кылат, ошого болгон күчүмдү жумшайм. Депутаттык топтун жетекчилигине, ар бир эл өкүлүнө ыраазычылык.
Пикирим, кылган ишим мурдагыдай эле болот. Колду таза кармап, мыйзамдардын алкагында ишти алып барам. Мамлекетибизде тынчтык болсун",- деди Алиев.